Бразилияда түнкү клубга кол салуудан 5 адам каза болуп, дагы төртөө жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.Маалыматка ылайык, окуя Риу-Гранди-ду-Сул штатында болжол менен түнкү саат 1:00 чамасында болгон. Анда түнкү клубга кирип келген белгисиз адамдар музыканы өчүрүүнү талап кылышкан.
"Кийин алардын бири аялга ок чыгарып, андан соң клубдагы башка адамдарга да ок чыгарган. Полиция бул окуя баңгизат сатуу менен алектенгендердин пикир келишпестигинен улам болушу мүмкүн деген версияны айтууда. Учурда бул факт боюнча тергөө иштери башталды", - деп айтылат маалыматта.