"Алмазбек Атамбаев эки жолку сүйлөшүүдөн кийин колго түшүп берди" деп бүгүн маалымат жыйынында ИИМ министри Кашкар Жунушалиев билдирди.
"7-августта Кой-Ташта болгон окуя Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынында талкууланган. Мындан кийин биз абалды көрүп, барымтадагы кызматкерлерди чыгарып, жолдорду ачып, коомдук тартипти сактоо максатында Атамбаевди колго түшүрүү операциясын жүргүзүү чечимин кабыл алдык.
Кой-Таштан укук коргоо кызматкерлерине катуу тоскоолдуктар көрсөтүлдү, күч колдонулду. Атамбаев менен эки жолку сүйлөшүүдөн кийин биз атайын газ колдоно турганыбызды айткандан соң, ал колго түшүп берди. Анын жанында Фарид Ниязов, Кундуз Жолдубаева жана дагы бир адам бар болчу. Кундуз Жолдубаева алгач "Кашкар байке, биз чыкпайбыз" деп айтты. Мен дагы убакыт бердим, кийин Атамбаев колго түшүрүлдү. Ал мыйзамды сыйлаган адам катары убагында суракка барганда, мындай окуя болмок эмес", - деди министр.