"Атамбаев төңкөрүш жасагысы келген. Анын ою ошондой болчу" деп бүгүн, 13-августта маалымат жыйынында УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев билдирди.
"Атамбаевге кан керек болчу, мындай жол менен ал кийин бийликти күнөөлөмөк. Ал эшигин ачпай койгондо кызматкерлер тосмодон секирип өтүүгө аргасыз болгон. Атамбаев дароо эки коопсуздук кызматкери менен качып кетти. Биз ал үйдүн түзүлүшүн башынан аягына чейин карап чыкканбыз, ал үй эмес эле өзүнчө бункер экен.
Биздин максатыбыз Атамбаевди үйүнө киргизбөө болчу, бирок короодо 30га жакын адам кызматкерлерди таш бараңга алып, каршылык көрсөткөн. Атамбаевдин үйүнөн 1 жарым миң метр аралыктан атууга мүмкүнчүлүгү бар орусиялык атайын кызматтар колдонгон курал жана 1 миңге жакын ок-дарылар, мындан сырткары башка куралдар да алынган. Анын негизги максаты өлкөдө төңкөрүш жасоо болчу деп ишенимдүү айта алам", - деди Опумбаев.