Окумуштуулар дүйнөдөгү эң узак өмүр сүргөн акуланы табышты

Окумуштуулар дүйнөдөгү эң узак жашаган акуланы табышты. Жырткыч англиялык драматург Уильям Шекспирден дагы улуу экенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, адистердин божомолунда Гренландиядан табылган акула 1505-жылы туулган. Бул акула Иван Грозныйдын башкаруусунан, АКШнын түптөлүшүнөн, Наполеондун Орусия империясын басып киришинен, "Титаник" кемесинин чөгүп кеткен мезгилдеринен бери жашап келген. Жырткычтын жашын анын көлөмү (5 метр 4 сантиметр) менен аныкташкан. Гренландия акуласы жыл сайын 1 сантиметрге гана чоңойгон.

Азыркы убакта окумуштуулар гренландиялык акуланы изилдеп жатышат. Аларга көп маалыматтар белгисиз экенин билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Stervashka
2019-08-13 21:48:34
Ошо менен кошо тарыхтын баары кошо сакталып калыптырбы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан