super.kg logo

ИИМ: "Атамбаевди кармоо операциясында Курсан Асанов кызматтык милдеттерин аткаруунун ордуна пиар менен алектенди"

 

Ички иштер министрлигинин Ички иликтөөлөр кызматы 7-8-августтагы окуялардын жүрүшүндө массалык башаламандыктардын алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо, Алмазбек Атамбаевди кармап келүүгө багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүздү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Кой-Таштагы окуялардын жүрүшүндө коомдук тартипти орнотуу максатында Атамбаев жана анын тарапташтары менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиев эки жолу сүйлөшүүнү жүргүздү.

"Сүйлөшүүнүн негизги максаты кан төгүлбөстөн Атамбаевдин колго түшүп берүүсүн жана бардык маселелер укук талаасында чечиле тургандыгы белгиленген. Бирок Атамбаев сүйлөшүүнүн шарттарына макул болгон жок. Ал атышууга даяр экендигин белгиледи. Ошондо Кашкар Жунушалиев атышуу бул жакшылыкка алып барбастыгын баса белгилеп, өз эрки менен колго түшүп берүүсүн айтуу менен бирге абалды курчутпоону талап кылып, Атамбаевге 10 мүнөт убакыт берген.

Сүйлөшүү жүргүзүлүп жаткан учурда Атамбаевдин жанында Кундуз Жолдубаева, Фарид Ниязов, эки жансакчысы жана 25-30 жаштардагы жаш жигит болгон. Кундуз Жолдубаева “Биз чыкпайбыз, каршылык көрсөтөбүз” деп айтып жатты. Ошондон кийин гана штурм жасаганга мажбур боло тургандыгы эскертилип, дагы 3 мүнөт убакыт берилген. Үйдүн ичиндеги Атамбаев жана анын тарапташтары министрдин койгон талаптарына макул болуп, чыгууга даярданып калган кезде жеке кызыкчылыгын көздөп өзүнө бекитилип берилген коомдук тартипти сактоо боюнча сыртттагы кызматтык ордун таштап Курсан Асанов Атамбаев менен сүйлөшүүгө кирип кеткен.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында, коомдук тартипти турукташтырууда өзүнө тапшырылган жерде кызматтык милдеттерин аткаруунун ордуна пиар менен алектенген. Өзүнүн телефонун ошол жердеги кызматкерлерге берип окуялардын жүрүшүн тарттыргандыгы, курал-жарактарды кармаганга болбостугун, аны криминалисттик-эксперттик кызматкерлер гана кароого ала тургандыгын, фото-видео тартууларды атайын кызматкерлер гана тарта тургандыгына карабастан, кызматтык милдеттерди аткарууда кемчиликтерге жол бергендиги аныкталган. Мындан улам, анын кызмат ордунан бошотуу боюнча чечим кабыл алууга негиз болгон.
Андан сырткары, айрым жагдайлар 7-8-августтагы окуялар боюнча тергөө иликтөө иш-чаралары боюнча сотко чейинки өндүрүш процесси жүрүп, кошумча маалыматтар текшерилип жаткандыгына байланыштуу тергөөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен кээ бир маалыматтар азырынча ачыкталбай тургандыгын да белгилейбиз. Учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы Башкы прокуратурага юридикалык баа берүү үчүн жиберилди", - деп жазылат маалыматта.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(15)
13.08.2019. 20:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
14-05-2017
Соӊку аракети:
23-08-2019 00:24
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ой ушуну ким айтып чыкса да, барып окмот башчыга кошулуп, Кашкар Машкарынды кошуп алып асынып эле алгылачы. Атамбаев ок чыгарды деп анан атышуу болмок, Кашкарды жайына койсон. Атамбаевди акрын тынчыткыла самооборона демиш болуп дешкен го Чондор...
13.08.2019. 20:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
05-06-2017
Соӊку аракети:
19-08-2019 01:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош, Ноокат.
+19
Ит күлүгүн, түлкү сүйбөйт!
13.08.2019. 20:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
05-06-2017
Соӊку аракети:
19-08-2019 01:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош, Ноокат.
+14
Ошол жерде ИИМдин башчысы шүмүрөйүп турду элего.
13.08.2019. 20:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
05-06-2017
Соӊку аракети:
19-08-2019 01:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош, Ноокат.
+16
Андан көрө УКМКнын башчысын кетирбейби!!!
13.08.2019. 20:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
79
Катталган:
12-08-2013
Соӊку аракети:
22-08-2019 21:30
Жынысы:
Белгисиз
+19
Жакшы иштеген кишини Коро албайт экен да бизде.Жалан ууру боруну чогултуп алып отура бергиле шумшуктор.
13.08.2019. 21:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
178
Катталган:
04-10-2011
Соӊку аракети:
22-08-2019 22:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+16
Негизи Асанов болбогондо Аша колго тушпойт болчу. Генералдык соз берип ошонун негизинде бираз поддержка кылып койгон чыгар ашага. Бизде таза иштейм дегендерди иштетпейт, жейм анан болушом дегендер гана иштейт.
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/279013/
13.08.2019. 21:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
191
Катталган:
29-06-2016
Соӊку аракети:
18-08-2019 21:28
Жынысы:
Белгисиз
+20
Адамдын жакшы жасаган ишин,эмгегин,мээнетин билбеген наадандар анда оздору барып суйлошуу жургузбойт беле. Туштон кийин буткон ишке сынчы коп деген ушу да. Атамбаевди Асанов суйлошуп жатып аран кондурдуго,мумкун дагы ок чыгармак ким билет. Асановго ыраазычылык,рахматынар ушу болдубу? Кыргызча айтканда акмак экенсинер.
13.08.2019. 21:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
288
Катталган:
22-04-2017
Соӊку аракети:
23-08-2019 03:33
Жынысы:
Белгисиз
+14
Курсан Асановдун ал жердеги ою болушунча тез арманын ичинде Атамбаевди ал жерден алып чыгып кетуу болгон. Бирок Курсан Асанов болбогондо дагы кобу жарадар болуп балким коп олум менен аяктамак.
13.08.2019. 21:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
23-07-2016
Соӊку аракети:
23-08-2019 04:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+18
Эээ бул ош коогаланын баскан значить силердин тушунугунор боюнча андада пиар кылган екенда.Ах пиарчи
13.08.2019. 22:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
120
Катталган:
26-04-2018
Соӊку аракети:
23-08-2019 03:02
Жынысы:
Белгисиз
+6
Оосу кыйшык болсо да байдын уулу суйлосун дегендей.оостору кыйшык болсо да бийликтегилер сокелер суйлосун.баарыбир кааласак да каалабасак да ошолордуку туура болуп калат го
Shabi түзөттү 2019-08-13 22:36:21
13.08.2019. 22:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
17-03-2017
Соӊку аракети:
20-08-2019 21:35
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кашкар адам эмес экен тим эле ультиматум койуп коркутуп кармамакбыз дейт ко Атамбаев жон багынып бермек эмес дагы бир окоону ала кетмек и так Атамбаевке нечего терять пожизненно алмак баары бир, ушул Курсан адам экен бир адам болсо да аман алып калайын деп жексур кан соргучтардын окумун аткарбай бир нече адамды тируу алып калды да.мен ойлоп койдум канча адам олсо бийликтегилерге ошончо жакшы болмок бу деп шылтоо болот эле да.
13.08.2019. 22:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
120
Катталган:
26-04-2018
Соӊку аракети:
23-08-2019 03:02
Жынысы:
Белгисиз
0
Кашкарды коп жамандабайлык эми.эртен ушул жердегилер ээрчишип алып журбойлу иим де
13.08.2019. 22:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
341
Катталган:
22-07-2016
Соӊку аракети:
22-08-2019 23:55
Жынысы:
Белгисиз
+9
Өз жанын тобокелге салып, башаламандыкты токтотуп алып келсе эми күнөөлүү кылышат. Өздөрү жүрөктөрү даап бара алышпайт. Курсан Асановдун ким экенин жакшы билбейм, бирок ага баатыр деген наам бериш керек.
14.08.2019. 12:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
10-03-2018
Соӊку аракети:
21-08-2019 15:06
Жынысы:
Белгисиз
+1
жалко да
14.08.2019. 12:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
06-05-2014
Соӊку аракети:
21-08-2019 01:52
Жынысы:
Белгисиз
+1
Видеого тартылып кандай суйлошулгонунон бери элге жайылганына жизни келди закондун ошого четтетти элдер призидентке тенеп болотурган бала деп салышпадыбы албетте ичтери тартып кеттида Кыргызстан дын келечегине ишенбей калды башкара албайт Кыргызды эч бир Жан себеби ото начар калкпыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
130250;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: