Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков: "Кандай гана камоо операциясы болбосун бир дагы адам жабыркабашы керек болчу". КҮНСОБОЛ

Бүгүн ички иштер министри, УКМКнын төрагасы жана башкы прокурор маалымат жыйынын берди. Жыйында күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Алмазбек Атамбаев эки жолку сүйлөшүүдөн кийин колго түшкөнүн жана Кой-Ташта орун алган окуя тууралуу айтып беришти.

SUPER.KG порталы "Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча күч органдарынын ишинде кайсы аракеттер туура, кайсынысы туура эмес болду?" деген собол салды.

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков Атамбаевди камоо операциясында чоң ката кеткен деген пикирде.

"Кандай гана операция болбосун бир дагы адам жабыркабашы керек. УКМК төрагасы 5 вариант бар болчу деп айтып жатат. Бир канча адам жабыркады, бир адам каза болду, бул туура эмес варианттын бири. Алар ошол жерде аялдар, балдар бар экенин билип, таштар, курал жарагы бар экенин эске алышы керек эле да. Демек, ал жердеги адамдардын коопсуздугуна көңүл бурбай, Атамбаевди камакка алыш керек деген гана максатын коюшкан. Бул чоң ката деп эсептейм", - дейт Ишенбай Кадырбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан