Индияда окуучуларды алып бараткан автобус дарыяга кулап, 49 окуучу жабыркады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 13-августта Махараштра штатынын Палгхар аймагында орун алган.
"Жабырлануучулар ар түрдүү оор жаракаттарды алып, тез арада жакынкы ооруканага жеткирилген. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери аныкталууда", - деп айтылат маалыматта.