Жактоочу: "Атамбаев Курсан Асановго алтын, акча берди деген жалган маалыматтарга ишенбегиле! Ал баштыкта документтер болгон жана алар менде"

"Курсан Асанов алды деген баштык менде" мындай билдирүүнү социалдык тармактагы баракчасына КСДПнын жактоочусу Замир Жоошев калтырды.

"Атамбаев Курсан Асановго алтын, акча берди деген жалган маалыматтарга ишенбегиле! Ал баштык Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарёвго берилиши керек болчу. Анын ичинде алтын же баалуу нерселер эмес, Алмазбек Атамбаевди тергөөдө укуктарын коргой турган документтер болгон.

8-август күнү үйдөн чыгып баратканда Атамбаевдин жан сакчысы баштыкты жанына алган. Кийин баштык УКМКнын аймагына киргизилген, ал жакка Атамбаев, Кундуз Жолдубаева жана мамлекеттик күзөттүн кызматкерлери да кирген. Атамбаев УКМКда калган, ал эми жан сакчы менен Кундуз Жолдубаева ИИМге алынып келген.

Ал түнү, 8-августта мен Жолдубаеванын көрсөтмө берүүсүнө катышуу үчүн ИИМге келгем. Ошондо ал документ салынган баштык Кундуздун жанында болчу. Сурактан кийин баштык Сергей Слесарёвго өткөрүлүп берилген. Кечээ ага жолугуп баштыкты алдым. Атамбаев Курсан Асановго алтын, акча берди деген маалымат жалган", - дейт жактоочу.

Айта кетсек, кечээ Курсан Асанов баштыктарга байланыштуу тарап жаткан видео боюнча "Күтө тургула, чындык өзү чыгат" деп айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан