Алматы-Бишкек унаа жолунда катталган жол кырсыгында 5 адам мерт кетти, алардын үчөө балдар. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ,13-августта болжол менен саат 8:00 чамасында Алматы-Бишкек унаа жолунда орун алган.
"Каргашалуу жол кырсык Алматы-Бишкек унаа жолунун 86-чакырымында болжол менен Таргап айылынын аймагында орун алган. Анда Mazda 626 унаасы менен Shacman үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Катуу соккудан жеңил унаадагы балдар сыртка чыгып кеткен. Ал эми бир аял киши унаанын ичинде кыпчылып калган. Учурда бул жол кырсыгы боюнча териштирүү иштери жүрүүдө, тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп айтылат маалыматта.