Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев элге кайрылуу жасады. Өзүнүн кайрылуусунда ал өлкөнүн келечеги тууралуу кеп салган.
"Соңку окуялардан кийин өлкө кандайдыр бир олуттуу оппозициясыз калды. Биз өч алуу жөнүндө ойлорубузду унутта калтырып, мыйзамдын одоно бузулушуна жол бербешибиз керек. Оппозиция жашыруун иштерди алып барбай, өзүнүн ишмердүүлүгүн ачык жана айкын алып баруусуна бийлик өзү кызыкдар болууга тийиш. Саясий аренадагы күчтөрдүн балансы калыбына келтирилиши керек.
Кийинки жылы Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. Аларга чоң каршылык топтолду. Мен бир жылдан кийин ал каршылык бүгүнкүдөн да күчтүү болоруна көзүм жетет. Себеби бийлик өлкөнүн көйгөйлөрүн чечүүгө, коррупция менен күрөш жүргүзүүгө жөндөмсүз экенин көрсөттү. Парламенттин азыркы курамы карапайым калктын үмүтүн актай алган жок.
Эгер кийинки шайлоодо партиялардын коалициясы утса, оппозициянын коалициясы, биз абалды өзгөртө алабыз. Эгер андай болбосо, алдыда бизди жаңы чакырылышта куурчак-депутаттардан турган "жаңы Кокон хандыгы" күтөт.
Атамдын президент кезинде болгон Конституциянын акыркы реформасынан кийин, парламент тарыхта буга чейин болуп көрбөгөндөй эбегейсиз күчкө ээ болуп отурат. Ал амнистия, президентке импичмент жарыялап, премьер-министрди дайындап жана башка көп иштерди аткара алат. Атамдын убагында киргизилген биометрикалык маалыматтар аркылуу шайлоонун жыйынтыгына ишеним артсак болот. Бийлик бир жылдан кийин шайлоонун жыйынтыгын бурмалай алабы? Биз аны көрө жатабыз.
Оппозициялык коалициянын программасы тууралуу дагы сүйлөшүүгө убакыт болот. Мен Кыргыз өлкөсүнүн келечегин атамдын көз карашы менен көрө алам деп ишенем.
Урматтуу мекендештер, биз биримдикте күчтүүбүз! Кыргыз өлкөсү эч нерсеге карабастан эркин жана демократиялуу болот", - дейт Кадыр Атамбаев.