Мексикада эки өспүрүм кыз полиция кызматкерлери тарабынан зордукталгандыгы үчүн эл адилеттүү өкүмдү талап кылып, митингге чыкты. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.
Биринчи зордуктоо 3-августта орун алып, анда 17 жаштагы кыз аны 4 полиция кызматкери кызматтык унаасында зордукташканын билдирген. Экинчи зордуктоо жогорудагы окуяга удаа эле орун алып, анда 16 жаштагы кыз аны полиция кызматкери музейде зордуктаганын айткан. Экинчи окуя боюнча шектүү кармалганы менен биринчи окуя боюнча иш ордунан жылган эмес.
Бул окуяларга көз салып турган коомчулукта наарызычылык толкуну жаралган. Алар "Полиция кызматкерлери бизди коргоонун ордуна кордоп жатышат" деген чакырыктар менен митингге чыгышкан. Митинг учурунда нааразы топ прокуратуранын имаратына бастырып киришип, эшикти талкалап, короосуна чочконун башын таштап кеткен.
Мексика аялдарга зомбулук көп көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн бири. БУУнун маалыматы боюнча, аталган өлкөдө күн сайын 9 аял киши колдуу каза болот.