Москвада 3 миллион рубль турган унааны ижарага алып, аны кайра күрөөканага коюп койгон жаран изделүүдө

Москвада 3 миллион рубль турган унааны ижарага алып, аны кайра күрөөканага коюп койгон жаран изделүүдө. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, полицияга арыз менен кымбат баалуу унааларды ижарага берген ишкананын кызматкери кайрылган. Анда ал кардарлардын бири алган унаасын кайтарып бербей жатканын айткан.

"Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Mercedes-Benz E 200 үлгүсүндөгү унааны алган кардар келишимге ылайык, 7-август күнү аны алып кетип, 11-август күнү кайтарып бериши керек болгон. Убактысы бүткөн соң кардар байланышка чыкпай изин жашырууга аракет кылган. Унаа GPS аркылуу шаардагы күрөөканалардын биринен табылган. Учурда окуянын чоо-жайы аныкталып, унааны күрөөканага коюп койгон жаран изделүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
interpol
2019-08-15 08:18:44
Кыргыз болбосо экен
+3
bond02
2019-08-15 09:02:48
interpol,кыргызга мындай кымбат машинаны бербесе керек.
-5
Sicilya
2019-08-15 13:25:18
bond02,эмнеге бербейт? Акчан эле болсо самолётда берет азыр.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан