Казакстан колдонгон 100 теңгелик монетадан колдонуучулар ката таап чыгышты. Бул тууралуу Казакстандык маалымат булактары жазып чыкты.
"Ал ката монетанын каптал тарабындагы жазууда кетирилген. Ал жерде juz деген жазуунун “u” тамгасынын ордуна кандайдыр бир себептерден улам “у” тамгасы жазылып калган. Казакстандын улуттук банкы катаны моюндап, аны жокко чыгарган эмес. Ал эми бир тамганын экинчи тамга менен алмашылып калганы компьютердеги көйгөйдөн улам болушу мүмкүн экенин дагы божомолдошкон. Улуттук банк катасы бар монета жүгүртүүдөн алынбай турганын жана мындан ары катачылыктарга орун бербөө үчүн алдын алуулар болуп, кылдаттык менен мамиле жасала турганын айткан" деп айтылат маалыматта.