Бүгүн, 16-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралып жатат. Ага Алмазбек Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаева жана уулу Кадыр Атамбаев УКМКга келди. Бирок аларды УКМКга киргизбей жатат. Соттук көчмө жыйын эмне үчүн УКМКда өтүп жатканына Атамбаевдин тарапташтары нааразы болуп жатат. Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы боюнча даттануу арызы Бишкек шаардык сотунда каралмак.