Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 8-августта Кой-Таштагы үйүнөн кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Атамбаевдин жанында ал камакка алынган соңку мүнөттөргө чейин бирге болгон КСДПнын атайын өкүлү Кундуз Жолдубаева Кой-Таштагы окуя, Атамбаевдин тегерегиндеги иштер тууралуу айтып берди.