Дональд Трамп Гренландияны сатып алууга кызыкдар болуп жатат. Бул тамаша эмес, бул АКШ президентинин экинчи аракети

АКШнын президенти Дональд Трамп Гренландияны сатып алууга кызыкдар болуп жатат. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы жазып чыкты.

Дүйнөдөгү эң чоң арал болгон жана Данияга тиешелүү Гренландияны сатып алууну Трамп бир жылдан бери ойлонуп жүрөт. Бул тууралуу президент өзүнүн кеңешчилеринен, адвокатынан да бир канча жолу сураштырып көргөн. Алар даярдап берген Гренландиянын табигый ресурстары жана геосаясий мааниси тууралуу маалыматты да кызыгуу менен уккан.

Буга чейин 1946-жылы АКШнын президенти болуп турган Гарри Трумэн Даниядан Гренландияны 100 миллион долларга сатууну сунуштаган. Бирок Дания баш тартып койгон.

Анткен менен жогорудагы маалымат АКШнын да, Даниянын да расмий булактары тарабынан тастыктала элек.

Тарых барактарында мындай чоң келишимдерден Алясканын сатылышы болгону белгилүү. 1867-жылы Орусия АКШга Аляска жарым аралын 7 миллион 200 миң долларга саткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
oSporte
2019-08-16 18:09:24
Америка алып коет барибир
-11
JENTLEMAN
2019-08-16 18:26:14
oSporte, Туура айтасың, акчага эле сатып ийиш керек, ато мындай эле басып алып койсо акчада жерда жок калат, так что жакшылыкча акчага сурап жатканда сатып ийиш керек)).
-7
Dj.
2019-08-16 18:45:04
JENTLEMAN, Датчандар уруксат бербейт сатууга. Алар биз эмес, Узонгу-Кууш, Каркыра, Унгар-Тоо, Советабад сатылса унчукпай кала бере турган. Алар ар бир км2 учун курошот...
+9
murat17
2019-08-16 22:11:23
Dj.,туура биздин лохтордой кантип болсун
+4
argen007
2019-08-16 20:45:55
Пайдалуу кендерди,углеводороддордун запасын,дениз азыктарын эсепке албаган кундо да Гренландия муз катмарларындагы суунун запасы боюнча Антарктикадан кийинки экинчи орунда турат. Миллиарддаган долларлык байлыктары бар территорияны миллиондорго саткыдай Даниянын окмоту оорукчан саясатчылардан куралбаса керек
+4
mister_akkuu
2019-08-17 17:49:57
Кыргызстанды жагы сатып алса жакшы болмок. Онукмокпуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан