КҮНСОБОЛ: Атамбаевдин баш коргоо чарасы дагы жабык каралды. Бул соттун ачык-айкындуулугуна шек жаратпайбы? Карасартова: "Бийлик жасап жаткан кадамдарын туура дей турган болсо анда ачык-айкындуулукка өтүшү керек"

8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Ал ошол эле күнү Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-августка чейин камакта калтырылган. Бүгүн Бишкек шаардык соту Атамбаевдин баш коргоо чарасын УКМКнын имаратында жабык карап, райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Атамбаевдин баш коргоо чарасы экинчи ирет жабык каралды. Бул көрүнүш соттун акыйкаттуулугуна, ачык-айкындуулугуна шек жаратпайбы?" деген собол салды.

Укук коргоочу Рита Карасартова баш коргоо чаралардын жабык өтүшү көнүмүш адат болуп калды деген пикирде. "Атамбаевден башкалардын деле баш коргоо чарасы жабык болгон учурлар бар. Атамбаевдин баш коргоо чарасы сот залында болбой, УКМКнын имаратында болуп өттү. Тескерисинче телеберүүдөн ачык көрсөтүп, ушундай айыптар коюлуп жатат деп көрсөтүшсө туура болмок. Ошондо бир топ элдин көңүлү бийлик жасап жаткан саясатка бурулмак. Соттор жабык өтсө бийлик туура багытта иштеп жатса да элдин оюнда бүдөмүк ойлор жарала берет. Анткени жашыра турган бир нерсе болуп жатат деп айтыла берет. Бийлик жасап жаткан кадамдарын туура дей турган болсо, анда ачык-айкындуулукка өтүшү керек. Антпесе бийликтин рейтинги төмөндөй берет", - дейт Карасартова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан