Индиянын Харьяна штатындагы Ямунанагар шаарынын тургуну туулган күнүнө БМВ унаасын белекке алган. 22 жаштагы Акашка мындай белекти атасы тартуулаган. Бирок ал ата-энеси Ягуар унаасын белек кылат деп үмүт кылганын айтып, унааны сууга агызып жиберген.
Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, Акаш БМВ унаасына бардык достору батпай турганын, автоунаанын ичи тар экенин айтып, дарыяга түртүп жиберген. Көпчүлүктүн кыялындагы унаа бир заматта сууга агып кеткен. Суунун жээгиндеги тургундар унааны алып чыгуу үчүн моторлуу кайык менен барып, унаага трос чиркеген. Тилекке каршы, трос аркылуу унааны суудан чыгара алган эмес. Анткени автоунаанын ичине суу толуп, түбүнө түшүп кеткен.
Суунун түбүндө калган унаанын баасы Индияда 3 миллион 500 миң рупийди (3 миллион 432 миң 435 сом) түзөт. Окуяны көргөн тургундар Акаштын бул кылганын туура эмес деп баалашкан. Алтургай анын достору дагы терс пикирлерин билдиришкен.
Ал эми жерине келген полиция кызматкерлери бул ишти иликтөөгө негиз жок экенин, окуя үй-бүлөлүк маселеден улам жаралганын айткан.
Акаштын атасы окуядан кийин өзүн күнөөлүү сезип, Ягуар унаасы кымбат болгондуктан аны сатып ала албагандыгын айткан.