Белгилүү орусиялык ырчы Юрий Шатунов "Ласковый май" тобунун "Белые розы", "Седая ночь" өңдүү хит ырларын ырдабайт. Мындай маалыматты топтун продюсери Андрей Разин билдирген.
"Юрий Шатунов мындан ары топтун ырларын ырдабайт. Ал өзүнө гана таандык чыгармаларды аткарат. Ырчы топтун курамынан чыгуу чечимин өзү кабыл алды", - деген продюсер.
Белгилүү болгондой, Юрий Шатунов эл алдына чыгып топтун "Белые розы", "Седая ночь", "Розовый вечер" жана башка ырларын концерттерде ырдабай турганын билдирген. Эми анын күйөрмандары жаңы ырларды жана Шатуновдун буга чейин жеке аткарган чыгармаларын гана уга алышат.
Буга чейин Юрий Шатуновдун сасык тумоосу күчөп, мурдунун сол жагына суук тийип, ага тез арада операция жасалган.