Сазда суу ичип отурган... Омскто дайынсыз жоголуп кеткен 3 жаштагы бала эки күндөн кийин токойдон аман-эсен табылды

Омскто дайынсыз жоголуп кеткен 3 жаштагы бала эки күндөн кийин токойдон аман-эсен табылды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 3 жаштагы бала 13-август күнү ата-энеси менен бирге токойго жер-жемиш тергенге барып, жоголуп кеткен.
"Баланын ата-энеси аны унаага калтырып коюп, жер-жемиш тергенге кеткен учурда бала унаадан чыгып адашып кеткен. Өз күчү менен уулун таба албай койгон ата-эне тиешелүү кызматтарга жардам сурап кайрылышкан. Баланы издөөгө 600 адам, 80 техника жана 2 жеке учак тартылган. Бала жоголгон жеринен 1 жарым чакырым алыстыктан аман-эсен табылган. Ал ачка болуп жана катуу үшүп калган. Куткаруучулар баланы саздан суу ичип, ыйлап жаткан жеринен табышкан. Учурда ал райондук ооруканада дарылануудан өтүүдө", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dj.
2019-08-17 14:06:32
Балдар аман болушсунчу... Балдардын жузунон ый эмес, ар дайым кулку коргум келет.....
+23
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-08-18 12:14:33
Dj.,сен да жакшы сөз жазат экенсиң а.
0
kalima88
2019-08-18 01:54:31
Омскийде болуп жазылат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан