Одессада мейманканадан өрт чыгып, 8 адам каза болду

Одессада мейманканадан өрт чыгып, 8 адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, өрт 17-августка караган түнү "Токио-Стар" аталыштагы мейманканадан чыккан.

"Өрт экинчи кабаттан башталып, жалпысынан 1 миң чарчы метр аянтты жалмаган. Кырсыктын кесепетинен 10 адам ар түрдүү жаракаттарды алып, 8 адам каза болгон. Өрттү өчүрүүгө 65 куткаруучу жана 13 өрт өчүрүүчү унаа тартылган. Учурда өрттүн эмне себептен келип чыкканы аныкталууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан