Орусиянын Пермь шаарында автобустун айдоочусу дүкөндүн дубалын сүзүп 32 жүргүнчү жабыркап, 1 адам каза тапты. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
"Жабырлануучулардын 22си чоң кишилер, ал эми 10у жашы жете электер. Учурда ар түрдүү жаракаттарды алып ооруканага жаткырылган алты адамдын абалы оор бойдон калууда, алардын бири кичинекей бала. Айдоочунун буту жана омурткасы сынганы маалым болду. Бул жол кырсыгы боюнча тиешелүү мекемелердин кызматкерлери тергөө амалдарын баштады", - деп айтылат маалыматта.