Бангладештин борборундагы катуу өрт 15 миңден ашык турак жайды жалмап кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Дакка шаарындагы катуу өрт 50 миңдей адамды үй-жайсыз калтырды.
"Имараттардын чатырлары желим болгондуктан өрт бат эле жайылып кеткен. Өрттөн үй-жайсыз калгандар аз маянага иштегендер болчу. Бул аймакта көбүнчө калктын кедей катмары жашайт. Өрттөн канча адам жабыркап, канчасы каза болгондугу тууралуу расмий маалыматтар тарай элек", - деп айтылат маалыматта.