Ойдон чыгарылган англиялык тыңчы Жеймс Бонд тууралуу 1964-жылы тартылган тасмадагы унаа аукциондо 6 миллион 400 миң долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 1964-жылы тасмада тартылган Aston Martin DB5 үлгүсүндөгү унаа Монтерей шаарында өткөн аукциондо жаңы ээсин тапкан. Унааны ким сатып алганы азырынча ачыктала элек.
"Aston Martin компаниясы бул DB5 моделин 1963-жылдан тарта 1965-жылга чейин гана чыгарган. Унаа тасмага 1964-жылы тартылган, ал тасмада тыңчынын ролун актер Шон Коннери ойногон. Бүгүнкү күндө Джеймс Бонд жөнүндө 24 тасма тартылган", - деп айтылат маалыматта.