Өзбекстандын Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасынын депутаттары кыздардын нике курагына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушташты. Бул тууралуу жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Аталган маселе экинчи кароодон өткөндөн кийин мыйзам катары кабыл алынат. Документке ылайык, Өзбекстандагы кыздарга мындан ары 18 жаштан кийин гана никеге турууга уруксат берилет. Белгилей кетчү жагдай, бүгүнкү күндө Өзбекстанда кыздардын никеге туруу курагы 17 жаш, ал эми эркек балдардыкы 18 жаш болуп эсептелет.
2019-жылы Өзбекстанда 17 жашында никеге турган кыздардын саны 5123тү түзгөн.