Индиядагы авто кырсыктан улам 13 киши каза болуп, 20 киши оор жаракаттарды алышты. Бул тууралуу чет элдик массалык маалымат булактары жазышууда.
Кырсык Индиянын Махараштра штатында 18-августта болгон. Мамлекеттик автобус Аурангабад шаарынан Шахада шаарын көздөй бара жаткан. Жолдон автобус жүк ташуучу унаа менен кагылышып, эки унаанын тең айдоочулары ошол жерден мүрт кетишкен.
Автобустун ичинде 45 жүргүнчү болгондугу айтылууда.