Apple биринчи бүктөлмө смартфонун 2022-жылы сатыкка чыгарат

Apple биринчи бүктөлмө смартфонун 2022-жылы сатыкка чыгарат. Бул тууралуу Display Supply Chain Consultants аналитикалык компаниясы ийилчээк дисплейлердин рынокто өнүгүүсүн анализдөөдө жарыя кылышты.

Компаниянын 2019-жылдагы анализинин жыйынтыгында 250 миң бүктөлмө смартфон жана 360 миң ийилчээк дисплей чыгары күтүлүүдө.

Алдын ала маалыматтарга караганда, бүктөлмө аппараттар рынокто кеңири мааниге ээ болору божомолдонууда.

Бүктөлмө смартфондорду чыгаруу процессинде адистер колдонуучулар тарабынан баарынан мурда мындай түзүлүштүн ишенимдүүлүгүнө байланыштуу көйгөйлөргө, даттанууларга туш болуп, тыкыр иштөөнүн үстүндө. Мындай аппараттардын баасы да кымбат турат.

Аналитиктердин пикирине караганда, бул жерде рыноктун монополизациялык эффектиси жаралат. Бүктөлмө смартфондорду чыгаруу боюнча Samsung компаниясы келерки жылы рыноктун 70 пайыз ээлерин күтүүдө. 2023-жылы бул үлүш 42 пайызга чейин түшөт дешүүдө. Аны Apple компаниясы 2022-жылы биринчи бүктөлмө смартфонун сатыкка чыгарары менен байланыштырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан