КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов: "Парламенттин ишмердүүлүгү канааттандырарлык эмес, бирок Жогорку Кеңеш таркайт деген божомолдор ишке ашпайт". КҮНСОБОЛ

Парламенттик шайлоо 2020-жылы өтөт. Бирок коомчулук тарабынан Жогорку Кеңешке кескин сын-пикирлер айтылып жатат. Парламенттик шайлоо күзүндө өтөт деген жоромолдор көп айтылууда.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңештин учурдагы 6-чакырылышынын мөөнөтүнөн мурда тарап кетишине негиз барбы?" деген собол салды.

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов мындай божомолдор буга чейин айтылып келгенин эскертти. "Бул сөз азыр гана чыккан жок. Божомолдор ишке ашпайт деген ойдомун. Шайлоо эмки жылы болот. Чыңалуу Атамбаев менен байланыштуу болгон. Ошонун негизинде парламент таратылышы мүмкүн, кандайдыр бир элдин нааразычылыгы чыгып кетет деген сөздөр айтылган. Азыр болсо бул актуалдуулугун жоготту. Парламент мөөнөтүнөн мурда таркабайт деген ойдомун. Жогорку Кеңештин иши канааттандырарлык эмес. Биринчиден буга аларды шайлаган элдин жоопкерчилиги, экинчиден азыркы мыйзамдын чийкилиги себеп болду. Жаңы мыйзам дагы атаандаштык негизде чыныгы элдик депутаттарды шайлоого мүмкүнчүлүктү ачкан жок. Босоголук чекти 9 пайызга чейин көбөйткөнү, ачык тизмени киргизбегени элдик депутаттарды шайлагандын мүмкүнчүлүгүн азайтат. Ошондуктан кийинки парламент азыркы депутаттардан жакшы болот дегенге шегим бар", - дейт Турдукулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан