Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнора Каримовага дагы кылмыш иштери козголду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.
Өзбекстандын соту Гүлнора Каримованы "өлкөнүн кызыкчылыгына туура келбеген келишимдерди түзгөн", "мамлекеттик казынага кол салган" жана "башка бирөөнүн байлыгын тартып алган" деген айыптарды койду. Экс-президенттин кызы эки мамлекеттик компаниянын акцияларын төмөн баада сатып алып, кайра чет элдиктерге сатканы маалыматта айтылат.
Өзбекстандын прокуратурасы Гүлнора Каримовага карата кылмыш ишин эл аралык компаниялардын даттануусунун негизинде козгогон. Эске салсак, буга чейин прокуратура Каримовага 2015-жылы августта “опузалоо”, “акча уурдоо” жана “салык төлөөдөн качуу” беренелери боюнча айып коюп, беш жылга эркинен ажыраткан. Кийинчерээк Каримовага дагы “алдамчылык”, “чет өлкөлүк валютаны жашыруу”, “бажы мыйзамдарын бузуу” жана “кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо” беренелери боюнча кылмыш иштери козголуп, 10 жылга эркинен ажыратылган.