Шотландияда үйлөнүү тою өтүп жаткан жигит тепкичтен кулап кетип, эс тутумун жоготуп, колуктусун эстей албай койду

Шотландияда үйлөнүү тою өтүп жаткан жигит тепкичтен кулап кетип, алган жаракатынан улам комага түшүп калган. Эсине келгенден кийин аялын да тааныбай койгонун чет элдик маалымат булактары жазууда.

Маалыматка ылайык, Уэст-Лотиан облусунун Крис Мэллон аттуу жашоочусу үйлөнүү үлпөтү өтүп жатканда капысынан 4 метрге жакын бийиктиктен кулап кеткен. Анын баш мээси жабыркап, кабыргалары, манжалары жана далысы сынып, денесинин бир нече жери сыйрылган. Анын абалын дарыгерлер оор деп баалашкан. Он күн комада жаткандан кийин Мэллон эсине келген, бирок дарыгерлер ал эс тутумун жоготкондугун айтышкан.

"Ал эсине келгенде мен жанында болчумун. Бирок ал мени тааныбай койду, биздин үйлөнгөнүбүздү айтып бердим. Арга кеткенде үйлөнүү тоюбузда бийлеген ырды ырдап бердим, ал муну эстей албагандыгы үчүн абдан ыңгайсыз болду", - деген аялы Аврил.

Дарыгерлер Мэллондун саламаттыгы калыбына келгенге чейин 6 ай керектигин айтышкан. Бирок ал бир айдан кийин колуктусуна, үйүнө ооруканадан кайтып барган. Азырынча ал даам, жыт сезбегендиги жана сол кулагы да укпагандыгы жазылат маалыматта. Мындан тышкары, күндөн күнгө аз-аздан эс тутуму кайтып баратканы белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
mirlanpiter
2019-08-20 12:27:28
Нике кайып болбой калган экен,
0
Almaz-kasimovich
2019-08-20 15:36:07
Келин жакпай калган окшойт да
0
Attila88
2019-08-21 00:45:26
Зимняя соната деген кинодой болуптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан