Мурдагы президент мектепти аяктагандан кийин ал баскетбол оюндарында кийген майкасы таштандыда калмак. Бирок майка Питер Ноубл аттуу окуучуга өтүп, ал бул кийимди сактап койгон. Барак Обама президент болуп шайлангандан кийин белгилүү журналдардын бирине анын спорттук мелдештеги сүрөтү жарыяланган. Питер Ноубл 23 деген сан жазылган майка Обамага таандык экенин ошондо билген. Президент баскетбол оюндарында кийилчү майка чындап эле өзүнө таандык болгонун билдирген.
Аукционго жалпысынан 20дан ашуун буюмдар коюлган. Бирок эң жогорку сумма Барак Обама бир кездерде кийген майкага болгон.