Исландияда мөңгүнүн "тажиясы" өттү. Ага өкмөт башчы, экс-президенттен өйдө жоон топ саясатчылар да катышты

Исландияда мөңгүнүн "тажиясы" болуп өттү. Ага өкмөт башчы, экс-президенттен өйдө жоон топ саясатчылар да катышты. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

18-август күнү Исландияда Окйокулль мөңгүсү менен 100дөй адам коштошушту. Алардын арасында Исландиянын өкмөт башчысы Катрин Якобсдоуттир, Ирландиянын экс-президенти Мэри Робинсон баштаган саясатчылар, экологдор, окумуштуулар да болушту. Аталган мөңгү глобалдык жылуулуктун айынан эрип кеткен биринчи чоң мөңгү болуп калды. 1901-жылы анын аянты 15 чарчы чакырымды түзүп турган, азыркы тапта ал көрсөткүч болгону бир чарчы чакырымга жетпеген аянтты түзөт. 2014-жылы Окйокулль кыймылын токтоткону үчүн "өлүү муз" деп табылган. 2018-жылы аталган мөңгү тууралуу даректүү тасма тартылган.

Исландиянын аймагынын 11 пайызын мөңгүлөр ээлейт. Аталган өлкөдө акыркы 20 жыл ичинде өтө тездик менен мөңгүлөр эрип жатканы маалым.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
souza.j
2019-08-20 22:06:50
Окунучтуу . ото окунучтуу. Табияттын алдында биздин кыйындыгыбыз тыйынга арзыбайт
+2
rafo80
2019-08-21 01:01:48
Бизде Кумтөрдө мөңгүнү талкалап жатышат го,түшүнгөн адамга мөңгүнүн кадыры ушунчалык болот.
0
Jeenbek.
2019-08-21 11:12:59
Ушулар ооруйт, Аллах тын буйруганыда ээрисе кайра суук болсо толотда
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан