Өмүрбек Бабанов 5 саатка жакын убакыттан кийин сурактан чыкты

Бүгүн, 20-августта саат 15:00дө УКМКга суракка кирип кеткен Өмүрбек Бабанов 5 саатка жакын убакыттан кийин чыкты.

"Он-Адырдагы маселе боюнча сурак бердим. Андагы сүйлөгөн бардык сөзүм элди бириктирүү үчүн болгон. Андан башка эч кандай ой болгон эмес. Мага кызматкерлер тарабынан жакшы мамиле болду. Мен аларга ыраазымын. Азырынча күбө катары сурак берип жатам.

Мага карата ачылган кылмыш иштерине мыйзамдуу түрдө жооп берем, мыйзамдуу түрдө караларына ишенем. 23-августта дагы суракка чакыртылдым. Анда кайсы маселе боюнча сурак береримди келгенде айтабыз дешти", - деди ал.

Ошондой эле ал эртең, 21-августта саат 15:00дө Финполго сурак бергенге барарын кошумчалады.

Ал эми сурак учурунда саясатчыны ташып жүргөн унааны Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы айып аянтчасына алып кетишкен. Жол коопсуздугунун кызматкерлери муну унаанын алдыңкы терезелеринин дагы караңгылатылгандыгы менен түшүндүрүшкөн. Бул боюнча Өмүрбек Бабанов унаанын терезесин караңгылатканга уруксаты бар экенин билдирди.
Кечээ, 19-августта Өмүрбек Бабанов Финполдо сурак берген. Төрт сааттык сурак учурунда Бабановду ушул унаалар менен күтүп турушкан. Мындан тышкары, Бабанов 9-августта өлкөгө кайтып келгенде ушул унаа менен тосуп алышкан.

Өмүрбек Бабанов 5 саатка жакын убакыттан кийин сурактан чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан