"Бригада", "Моя прекрасная няня" сериалдарында роль жараткан актриса Александра Назарова дүйнө салды

20-август күнү Орусиянын театр жана кино актрисасы Александра Назарова 79 жашында көз жумду. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыгышты. Актрисанын кесиптештери анын өпкө оорусунан улам июль айынан тартып ооруканада дарыланып келгенин айтышкан.

Александра Назарова 1940-жылы 17-июлда Ленинградда туулган. 6 жашынан тарта театр сахнасына чыгып баштаган. Кино дүйнөсүнө 1961-жылы Надянын ролу менен Юлий Райзмандын "А эгер бул сүйүү болсочу?" ("А если это любовь?") аттуу көркөм тасмасы аркылуу аралашкан. 2001-жылы Орусиянын Эл артисти наамын алган. Ал жалпы 80ден ашуун фильмдерде жана сериалдарда роль жараткан. Алардын ичинен белгилүүлөрү: "Бригада", "Түнкү байкоо" ("Ночной дозор"), "Менин жакшынакай бала багуучум" ("Моя прекрасная няня"), "Балатылар 1914" ("Елки 1914") жана башкалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан