"Нео, ойгон", "Матрица" тасмасынын 4-бөлүгү чыгат жана ага Киану Ривз өзү да тартылат

"Матрица" тамасынын күйөрмандары бүгүн сүйүнүп жаткан кези. "Warner Brothers Pictures" киностудиясы аталган фильмдин төртүнчү бөлүгүн тартууга киришип жатканын жарыялады. Анын башкы ролдорун Киану Ривз менен Керри-Энн Мосс ойношот. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

Тартуу иштери 2020-жылдын башында старт алат. Бирок жаңы бөлүк эмнеге арналары, сюжет кандай болуп өнүгөрү тууралуу маалымат ачыктала элек.

"Матрица" тасмасынын биринчи бөлүгү туура 20 жыл мурда, 1999-жылы чыккан. Бул фантастикалык триллер дүйнө боюнча укмуштуудай атактуулукту багынтып, анын күйөрмандары ушул күнгө чейин цитаталарын унутпай, ар бир кадрын жатка билишет.

Аталган тасманын калган эки бөлүгү кошулуп, прокаттан жалпы 1 миллиард 600 миллион доллар тапкан. Үч бөлүккө тең Лана Вачовски жана Лилли Вачовски сценарист жана режиссер болушкан, ал эми башкы ролдорду Ривз менен Мосс аткарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан