Таиланддын падышасы ачкачылыктан өлүү коркунучунда калган 13 итти багып алды

Таиланддын падышасы Маха Вачиралонгкорн (Рама Х) ачкачылыктан өлүп калуу коркунучунда калган 13 итти камкордукка алды. Алгач иттерди ветеринардык ооруканага алып келип, мал доктурлар кароо жасашкан.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, ачка калган иттерди ыктыярчылар таап алышкан. Алар иттерди багууга мүмкүнчүлүгү жок жакыр аялдын короосунан табышып, ветеринардык ооруканага алып келишкен. Ал жерден үй жаныбарларынын абалына баа берилген. Ошондон кийин гана падыша өзүнүн өкүлүн жаныбарлардын баш калкалоочу жайына жиберип, иттерди алдырткан.
Падышанын үй-бүлөсү үй жаныбарларына болгон өзгөчө сүйүүсү менен белгилүү деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
taalai1008
2019-08-21 21:10:51
Андан көрө кароосуз калган балдарды бакпайт беле. Ал жакта жетимдер көп эле болсо керек да
+2
akmanai
2019-08-22 01:52:39
taalai1008, Ит деле адам сыяктуу жаратылыштын бир макулугу да. Сооп иш кылыптыр.
+3
talas0707
2019-08-22 07:55:09
akmanai,биринчи адамды багыш керек ИТ эмес. 1 сооп эмес 100 соопко аракет кылыш керек.
0
zhykyo
2019-08-21 21:53:23
Бизде кочоодо калган иттер жаман семиз болушат коруп калам
0
Asking-
2019-08-21 22:14:10
Бизде ит эмес адамдар бирин бири кочого таштап кетип атат жада калса досун да
+1
Aikaaaa
2019-08-22 15:10:16
Пародистый иттер экен да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан