Бразилиянын Амазония токою бир канча күндөн бери өрттөнүп жатат. Быйылкы жылдагы бул аймакта чыккан өрттүн саны 72 миңге жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой,15-августта спутниктен тартылган сүрөттөр Амазонияда 10 миңге жакын жаңы өрт тутанып жаткан жерлер көрүнгөн. Көпчүлүк өрт Амазония бассейниндеги тропикалык токойлорунда болууда. Бразилиянын бир катар штаттарында өзгөчө кырдаал киргизилди. Бир канча ири шаарларды түтүн каптады.
Амазонияда быйылкы жылы ысык аба ырайы болгон жок, өрттүн көбөйүшү токойдогу бак-дарактарды кыюунун саны өсүп жаткандыгы менен байланыштырышууда.