Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров: "Жогорку Соттун Текебаевге карата чыгарган чечими сот реформасына жол ачылды деген үмүттү туудурат". КҮНСОБОЛ

Мындан эки жыл мурда экс-депутат Өмүрбек Текебаев "коррупция" боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Ал өкүм кийин шаардык сотто да, Жогорку Сотто да күчүндө калтырылган эле. Кечээ, 21-августта Жогорку Сотто иш жаңы жагдайларга байланыштуу каралды. Анда Жогорку Сот Текебаевге карата козголгон кылмыш иштерин Биринчи Май райондук сотуна жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароого жөнөттү.

SUPER.KG порталы "Текебаевдин иши боюнча Жогорку Сот мурдагы өкүмдөрдү жокко чыгарып, кайра кароого жөнөттү. Эки жыл ичинде сот системинде эмне өзгөрүү болду?" деген собол салды.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Жогорку Соттун чечими жакшы кадам болгонун айтты. "Текебаевге карата чыккан чечим сот реформасына жол ачылды деген үмүттү туудурат. Буга чейинки ага токулган өкүмдөр жокко чыгарылып, Биринчи Май райондук сотуна кайра кароого жиберилди. Текебаев акталат деген үмүтүм бар. Бул жакшы кадам. Бардык адамдарга дайыма калыс мамиле жасалсын деген тилегим бар", - дейт Токтонасыров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан