Спикер менен жыйын өткөргөн ымыркай. Жаңы Зеландияда парламенттин отурумунда спикер балага сүт берип, багуучу болду

Жаңы Зеландиянын спикери парламенттин жыйынында наристесин колуна алып отурду. Ал жыйын учурунда балага сүт берип, аны менен ойноого да жетишти.

Чет элдик басылмалар ымыркай спикер Тревор Малларддыкы эмес экенин жазып чыгышты. Тагыраагы, наристе парламенттин Тамати Коффи аттуу өкүлүнүн уулу. Тамати Коффи 21-августта декреттик өргүүсү аяктагандан кийин жумушка чыккан. Ал иш күнү башталганда жумушка баласын ала келген. Ал эми спикер Тамати Коффи өз милдеттерин так аткарсын деп баланы убактылуу кароо үчүн алган.

Спикердин өзүнүн 3 баласы бар. Ал социалдык баракчасына: "Адатта спикердин отургучунда бир гана өкүл отурат. Бүгүн мени менен чогуу өзгөчө конок отурат", - деп жазган. Ошондой эле ал наристенин ата-энесин куттуктаган.

Бул окуядан кийин Тамати Коффи жергиликтүү телеканалдардын бирине маек берип жатып кесиптештери тарабынан зор колдоо болгонун билдирген.

Тамати Коффи жана анын жубайына наристени карын эне ушул жылдын июль айында төрөп берген.

Жаңы Зеландияда парламенттин спикери жыйын учурунда бала карады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Fake
2019-08-22 23:55:57
Келечектин спикери!
+3
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-08-23 00:02:54
Бир эле айлык го ээ?Эне сүтүнө не жетсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан