Орусиянын Чеченстан Республикасынын Шали шаарында Европадагы эң ири мечит бүгүн, 23-августта ачылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.
Мечитке учурдагы Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун аты коюлуп, "Мусулмандар сыймыгы" деп аталды. Сыйына турган жердин аймагы 5 гектарды ээлеп, Европадагы эң чоң мечит болуп саналат. Ал ак мрамордон жасалып, мечиттин ичине 30 миңдей, сырткы аянтка 70 миңдей адам батат.
"Жаңы мечиттин ачылышына бир канча өлкөлөрдөн коноктор чакырылган. Ачылуу аземинен кийин жума намазы окулат" - деп жазылат маалыматта.