"Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенконун эң негизги кемчилиги - анын бай болууну самаганы жана мансапкорлугу" деп Украинанын биринчи президенти Леонид Кравчук телеканалдардын бирине маек берип жатып билдирди.
"Ал мамлекетти башкаруу менен алектенбей, тарапташтары башкарган бизнес-империя түзгөн. Порошенко башка адамдардын кеңештерин угууну жактырчу эмес. Ал кеңештерди угуп жаткандай гана түр көрсөтчү", - дейт Кравчук.
Буга чейин Кравчук июль айында азыркы президент Володимир Зеленский Порошенконун сабатсыз кадр саясатын түзүү боюнча кемчилигин кайталап коюшу мумкүн экенин айткан. Биринчи президент Зеленский дагы жакындары чечим кабыл алган бизнес-империя түзгөнүн кошумчалаган.