Дагестандагы аткаминер пенсия алуу үчүн өзүнө 34 жаш коштуруп алган

Дагестанда айыл башчысынын орун басары пенсия алуу үчүн жашына 34 жаш коштуруп, жасалма документ жасатып алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 1989-жылы төрөлгөн жаран жасалма паспорт жана 1985-1996-жылдар аралыгында "колхоздо иштеген" деген эмгек китепчесин кошо жасатып алган. 2018-жылдын февраль айында аткаминер райондук пенсиялык фондуна пенсия алуу үчүн кайрылган. Ушундай мүнөздө 2018-жылдын мартынан 2019-жылдын июль айына чейин 155 миң рубль суммасында мыйзамсыз түрдө пенсия алган.

Качан гана бул иш ачылганда аткаминерге "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал эми пенсиялык фондуна жана федералдык миграция кызматына "кызматтык укукту туура эмес пайдалануу" жана "жасалма документ жасоо" боюнча кылмыш иши ачылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Attila88
2019-08-27 23:19:00
Хабибтин жердешиби)))
+1
rysik79
2019-08-28 00:58:55
Кыпкызыл жинди го.
+3
Aizat.sumaia
2019-08-28 10:32:40
Биздикилер укпасын...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан