АКШнын президенти Дональд Трамп менен Франциянын биринчи айымы Брижит Макрон, АКШнын ханайымы Мелания Трамп менен Канаданын премьер-министри Жастин Трюдонун бири-бирин бетинен өпкөнү талкууга алынды. Алтургай эксперттер дагы туура эмес деген пикирлерин айтып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Францияда өткөн "Чоң жетилик" саммитине өлкө лидерлери жубайлары менен барган. Анда мамлекет башчылар бир катар маселелерди талкуулап, сүйлөшүүлөр бүткөндөн кийин сүрөткө түшүү үчүн чогулушкан. Өлкө лидерлери менен биринчи айымдардын бетинен өөп учурашканы көпчүлүктүн көңүлүн бурдурган. Интернетке тараган видеодо алгач Брижит Макрон Дональд Трампты бетинен өпкөн. Андан кийин Мелания Трамп менен Жастин Трюдо бири-бирин өөп учурашкан.
Орусиялык эксперттердин айтымында, мындай учурда кол берип учурашуу эле туура болот. Ал эми өлкө лидерлеринин кучактап учурашуусу бири-бирине болгон жылуу мамилесин билдирет деген ойлорун айтышкан.