Окумуштуулар биринчи жолу адамдын боорун өстүрүүгө жетишти

Америкалык окумуштуулар адамдын генетикалык модификациялык боорун өстүрүүгө жетишти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, АКШнын Пенсильвания штатындагы Питтсбург медициналык университетинин окумуштуулары лабораториялык шартта боор ооруларын дарылоо максатында адамдын миниатюралык боорун өстүрүштү.

Бул органдын көлөмү кадимки боордон кичине болот. Адистер майлуу гепатозаны изилдөөдө колдонууну пландоодо. Муну менен бул ооруда боордун клеткалары май менен аралашып, убакыттын өтүшү менен цирроз жана боор клеткаларынын кемчилигине алып келет.

Дарыны алгач келемиштерге карата колдонуп көрүшкөн. Бул жаныбарларга жардам берген, ал эми адамдарга карата дарылоо эффектиси жок болгон. Питтсбург университетинин окумуштуулары боорду өстүрүү үчүн келемиштерге тажрыйба жүргүзүү маанилүү эмес, себеби адамдар менен жаныбарлардын генетикалык өзгөчөлүктөрү менен айырмаланып турарын баса белгилешкен. Ошондуктан миниатюралык боорду жаратуу адам үчүн ылайыктуу жана пайдалуу.

"Бул биздин адамдын модификациялык кичи боорун өстүрүүгө жасалган алгачкы эмгегибиз. Бул миниатюралык боор лабораториялык шартта боор ооруларын дарылоо максатында жасалды",- деп билдирди медицина илимдеринин доктору Алехандро Сото-Гутьеррес.

Окумуштуулардын айтымында, жасалма орган боор ооруларын дарылоодо колдонулат. Бул оору организмде ашыкча майлардын топтолушунун жыйынтыгында пайда болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sakubek
2019-08-27 22:30:05
Бизге келгиче 20 жыл бар
+1
kechirmeni
2019-08-28 09:30:07
Sakubek,Техника онуккон убакты бат эле келет, кобунчо жеке менчик клиникаларда батыраак келиши мумкун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан