Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун Биринчи Май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралды. Сот 13-октябрга чейин Курсан Асановду үй камагына алуу чечимин чыгарды.
Асанов бардыгы мыйзам чегинде чечиле турганын айтты.
Курсан Асанов Аскер прокуратурасында бүгүн, 27-августта саат 14:00дөн тарта сурак берди.
Башкы прокуратура Курсан Асановдун иши боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары менен таанышып чыгып, ал материалдардын негизинде "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. Сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү Аскер прокуратурасына өткөрүлгөн.