Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен болгон сүйлөшүүнү ким жүргүзгөн деген суроого жооп берди.
"Тасмада көрсөтүлгөндөй сүйлөшүүнү мен жүргүзгөм. Өз учурунда", - деди Асанов.
Бүгүн, 27-августта Биринчи Май райондук сотунда Курсан Асановдун баш коргоо чарасы каралды. Сот Асановду 13-октябрга чейин үй камагына алуу чечимин чыгарды.
13-августта Курсан Асанов "милициянын кызыкчылыгын сатты" деген жүйө менен министрдин орун басары кызматынан бошотулган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы министр Кашкар Жунушалиев Атамбаевди кармоо учурунда аны менен жалпысынан 3 жолу сүйлөшүү жүргүзгөнүн, министр макул кылдырган соң гана ал ишке Асанов аралашканы тууралуу маалымат тараткан.
Башкы прокуратура Курсан Асановдун иши боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары менен таанышып чыгып, ал материалдардын негизинде "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. Сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү Аскер прокуратурасына өткөрүлгөн.