Бүгүн, 13-ноябрда Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулдов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Кадыркулов бул кызматка 2022-жылдын 25-январында дайындалган.
Белгилей кетсек, жакында президент Садыр Жапаровдун Москва районунун тургундары менен жолугушуусунда, Идрис Кадыркуловдун дарегине карата маалыматтар айтылган. Анда президент Кадыркуловго байланыштуу жагдайды өз көзөмөлүнө аларын айткан.