Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 23-августта Чолпон-Ата шаарында мугалимдердин август кеңешмесинде октябрь айынан тарта мугалимдердин айлыгы 30 пайызга чейин көтөрүлө турганын айткан. Ал "буга чейин 12 миң сом айлык алып келген мугалимдер 18 миң сомго чейин алат" деп билдирген.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Премьер "1-октябрда мугалимдердин айлыгы 30 пайызга көтөрүлөт" деди. Бул күзүндө өкмөт алмашпайт жана өкмөт шайлоого даярдыкты баштады дегенди билдиреби?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев премьер-министрдин мугалимдердин айлыгы көтөрүлөт деп айтканы күзүндө өкмөт алмашпайт жана өкмөт шайлоого даярдыкты баштады дегенди билдирбей турганын айтты.
"Мугалимдердин айлыгын көбөйтүү боюнча буга чейин эле пландаштырылган. Жогорку Кеңеште бул маселе каралып, колдоого татыган. Президент деле айтып келген. Ал эми өкмөттүн кетер-кетпеси боюнча сентябрь-октябрь айында республикалык бюджет маселеси каралганда чечим кабыл алынат", - деди Тиллаев