Орусияда Эквадордон ташылган банандарда коркунучтуу вирусту алып жүрүүчү чымындын бар экени аныкталды. Тагыраагы, бул вирусту алып жүрүүчү чымындар банан менен кошо келгенин орус басылмалары жазып чыгышты.
Деңиз порту аркылуу 25 тонна банан Новороссийск шаарына ташылып келинген. Анда вирусту алып жүрүүчү чымын табылгандан кийин ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдүн кызматкерлери азыкты артка кайтарган. Эксперттердин айтымында, быйылкы жылдын эсебинен биринчи жолу банандардан вирус табылган.
Вирусту алып жүрүүчү чымын жашылча, мөмө-жемиштерден тышкары ундун, сырдын, кургатылган балыктардын жана соянын курамын бузат. Чымын адамдардын, жаныбарлардын өмүрүнө коркунуч жаратат.