Гонконгдогу митингде 63 адам кармалды

Гонконгдо 31-августтагы митингге катышкандардан 63 адам полиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

31-августта шаардын эки метросунда митингге чыккандар менен полиция кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болгон. Анда Молотов коктейлин алып жүргөндөр кармалды. Алардын эң кичүүсү 13 жашта.

Гонконгдо ушул жылдын июнь айынан тарта митингдер токтобой келет. Буга Гонконгдун бийлиги мыйзам бузууга шек саналган адамдарды Кытайга экстрадициялоо тууралуу жобону киргизүүсү себеп болууда. 18-августта өткөн каршылык акциясына 1 миллион 700 миңдей адам чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан